/ Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жыл

Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жыл

Абдуллах бин Амр, радыяллаху анху, риваят кылат: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жыл мурда бардык макулуктардын тагдырларын жазып койгон. Анан мындай деп айтты: Анын (Аллахтын) аршы суунун үстүндө болгон».
Муслим жазып калтырган

Explanation

Аллах Таала бүткүл маклуктардын жашоо, өлүм, ырыскы ж.б.у.с тагдырлары боюнча эмне болоорун асмандарды жана жерди жаратардан элүү миң жыл мурда Лавхул-Махфуз китебинде майда-чүйдөсүнө чейин жазганын Пайгамбарыбыз кабарлайт. Ал нерселердин баары Аллах жазган тагдырдын нугунда гана жүрөт. Кандай гана нерсе болбосун - ал Аллахтын жазган тагдырдын негизинде болот. Адамга жеткен нерсе, андан башкага өтүп кетпейт. Андан өтүп кеткен нерсе, ага кайра жетпейт.

Hadeeth benefits

  1. Тагдырга ыйман келтирүүнүн зарылдыгы.
  2. Тагдыр - ал Аллахтын нерселерди билүүсү, аны жазуусу, анын учуру келгенде анын болуусун каалоосу жана аны жаратуусу.
  3. Тагдырдын асмандар жана жер жаралуудан мурда жазылганына ишенүү - тагдырга ыраазы болууга жана ага моюн сунууга алып барат.
  4. Чындыгында жер менен асмандар жаралардан мурда Аллахтын аршы суунун үстүндө болгон.