- Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгы бүткүл ааламга жалпы тиешелүү экендигин, аны ээрчүү да баарына бирдей важыб болгондугун жана анын шарияты келгенден кийин башка шарияттардын баары күчүн жоготкондугун билдирет.
- Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенбеген адамга, анын андан башка пайгамбарларга (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) ишенем деген ою эч кандай пайда бербейт.
- Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укпаган жана Ислам даават, чакырыгы жетпеген адамдар кечиримдүү (себептүү). Акыретте аларга кандай өкүм чыгаруу Аллахтын колунда.
- Өлүмгө аз калган учурда болсо да, катуу ооруп жаткан учурунда болсо да, өлүм сааты кекиртекке келгенге чейин Исламды моюндап пайдаланып калуу зарыл.
- Каапырлардын динин, анын ичинде яхудий жана христиандардын динин да туура деп эсептөө - каапырлык.
- Хадисте яхудий жана христиандарды айткан себеби, башкаларга эскертүү. Анткени, яхудий жана христиандардын (илахий, асман) китеби бар. Китеби бар диндер ушундай болгон соң, булардан башка китепсиз "диндер" андан бетер экени маалым. Булардын баарына пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динине кирип, ага моюн сунуу ваажыб.