- Муазды улоосуна учкаштырып алганы пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кичи пейил, жөнөкөйлүгүнөн.
- Айта турган сөзүнө жакшы көңүл бурдуруу үчүн Муазга кайра-кайра кайрылганы пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таалим берүүдөгү мыкты ыкмаларынан.
- Күбөлүк келмесинин шарттаты: Лаа илааха иллаллооху ва анна Мухаммадан расуулуллохи келмесин айтуучу жалгандан эмес, шектенбей, бекем ишеним менен чын жүрөктөн айтышы керек.
- Бир кудайга сыйынуу ишеними менен өткөн адамдар тозокто түбөлүк калбайт. Эгер күнөө себептүү тозокко кирсе да, тазалангандан кийин андан чыгып бейишке кирет.
- Чын жүрөгү менен айткан адамга бул эки күбөлүктүн артыкчылыгы чоң.
- Эгер туура эмес түшүнүктү пайда кыла турган болсо, кээ бир абалдарда хадисти жашырып айтпай турган оң.