- Аллах Таала парз кылган пенделердин Аллахка болгон акыларын түшүндүрдү. Ал акылары - Аллахка гана сыйынуулары жана эч кимди шерик кошпоолору.
- Аллах Өзүнүн пазилети жана жакшылыгы менен Өзүнө милдет кылган пенделеринин акысы - аларды эч бир азапка салбай бейишке киргизүү
- Бул хадисте Аллах Таалага эч нерсени шерик кошпогон муваххидтерге, алардын акыбети бейишке кирүү экендигине чоң сүйүнчү бар.
- Бул хадисти Муаз, радыяллаху анху, өлөр алдында айткан. Анткени ал илимди жашыруу күнөөсүнөн коркуп элге айткан.
- Сөзсүз аткарыла турган өкүмдөрдү жана шарияттын худуддарын камтыбаган кээ бир хадистерди анын маанисин түшүнбөгөн адамдар башкача мааниде түшүнүп алуусунан коркуп, кээ бир адамдарга айтпаса болот.
- Ал эми күнөөкөр муваххидтер Аллахтын каалоосунун астында. Ал кааласа азаптайт, кааласа кечирет. Бирок алардын акыркы бара турган жайы бейиш болот.