- Инсан аны уйку баскан учурда ибадат кылууга жараксыз болот. Же жашы кичүү мезгилинде жараксыз болот. Же акылынан тайып жинди болуп калган учурда жараксыз болот. Аллах Таала Өзүнүн адилеттүүлүгү жана ырайымдуулугу менен ушул үч учурда инсандын жасаган күнөө иштерин кечирип жиберет.
- Аларга күнөөнүн жазылбоосу аларга тиешелүү кээ бир дүнүйөлүк өкүмдөргө каршы келбейт. Мисалы жинди адам бирөөнү өлтүрүп койсо, ага өч алуу да, акы-төлөм да болбойт. Эгер акылы төп болсо, кун (дият) берилмек.
- Балакат жаш курагына жеткендин үч белгиси бар: түшүркөп же башка себеп менен уруктук суунун түшүүсү. Же аврат жерлерге түктөрдүн чыгуусу. Же он беш жашка толуусу. Ал эми аялзатына төртүнчү белги: айыздын келүүсү кошулат.
- Ас-Субки минтип айткан: "Сабий-жаш бала дегени, гулам деп айтылат". Дагы бирөөлөр минтип айткан: "Эненин ичиндеги бала жанин (түйүлдүк) деп аталат. Төрөлгөндө сабий (бөбөк) деп аталат. Эмчектен чыккандан баштап жети жашка чейин гулам (тестиер) деп аталат. Он жашка чейин йафиъ (жеткинчек) деп аталат. Он беш жашка чейин хазур (өспүрүм) деп аталат". Ас-Суйути болсо: "Ушул курактардын баарында баланы гулам деп атайт" деген.