- Көздү сактоо ваажыб.
- Кароого тыюу салынган нерсеге кокустан көз түшүп калса, аны көпкө тигилип карап туруп алуудан тыйган.
- Бөтөн аялга тигиле кароонун арамдыгы сахабалардын арасында калыптанган тыюу болгон. Буга Жарир бин Абдуллахтын (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бөтөн аялга атайлабастан көз салып алгандын өкүмү атайлап карагандын өкүмүндөйбү деп сураганы далил.
- Хадистен шарият адамдардын оңолуусуна кам көрөрүн байкайбыз. Анткени анда бөтөн аялга кароодон тыйып арам кылып жатат. Бөтөн аялга кароо адамдардын дүйнө жашоосуна да, акыретине да зыянын тийгизе турган бузук иш.
- Сахабалар өздөрүнө шек-күмөн жараткан маселе пайда болсо, дароо пайгамбарыбызга барып сурачу. Жалпы карапайым эл шек-күмөндүү иштерди аалымдарга барып сурап билип алуусу зарыл.