/ Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял

Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял

Абдуллах бин Амр (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял".
Муслим жазып калтырган

Explanation

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнө андагы нерселер убактылуу пайдаланылып, анан жок болуп кете тургандыгын айткан. Ошол пайдалана турган нерселердин эң абзели салиха аял: күйөөсү анын жүзүнө караса кубантат, бир нерсеге буйруса баш ийет, күйөөсү жокто анын мал-мүлкүн жана өзүнүн абийирин таза сактайт.

Hadeeth benefits

  1. Дүйнө жашоосунда Аллах Таала адал кылган таза нерселерди ысырап кылбастан, текеберленбестен пайдаланууга уруксат.
  2. Аял тандоодо салиха аялды тандоого кызыктыруу, анткени Раббисине таат-ибадат кылууда ал күйөөсүнө жардам берет.
  3. Дүйнөдөгү убактылуу пайдалана турган нерселердин жакшысы Аллахка таат-ибадат кылган же таат-ибадат кылууга жардам берген нерсе.