- Валийдин никеде болушу никенин жарактуу болушунун шарты болуп саналат. Ошондуктан эгерде аялдын валийи жок болсо, же аял өзү эле нике кыйдырып алса, анда никеси жарабайт.
- Валий аялга эң жакын эркек туугандарынан болот. Ошондуктан аялдын жакын туугандарынан болгон валийи бар болсо, анда алыс туугандарынан болгон валийи аны никелеп турмушка бере албайт.
- Валий болуунун шарттары: валий шарият өкүмдөрүн аткара алышы, эркек киши болуусу, никенин жол-жобосун айырмалап билүүсү жана аял менен валийдин дини бир болушу керек. Кимде-ким бул сапаттар менен мүнөздөлбөсө, анда никеде валий болууга жарактуу эмес.