- Жаман ишке (зынага) кириптер болуп калуунун алдын алуу үчүн жат, бөтөн аялдын жанына кирүүдөн жана аны менен жалгыз калуудан тыйган.
- Бул бардык жат адамдарга, айрыкча аялга махрам болбогон күйөөнүн туугандарына тиешелүү. Ал эми аялга кирүү дегени аны менен жалгыз ээн калбоо деген сөз, эгер жанында башка адамдар болсо эч нерсе эмес.
- Жамандыкка кириптер болуп калбоо үчүн бардык эле адашуу мүмкүн болгон орундардан алыс болгон жакшы.
- Имам Ан-Навави минтип айткан: Бардык тилчи илимпоздор араб тииндеги "ал-ахмаау" деген сөз күйөөнүн жакын туугандарын билдирерин айтышкан. Алар күйөөнүн атасы, атасы менен бир тууганы, ага-иниси, ага-инисинин балдары, атасы менен бир тууганынын балдары ж.б. "Ахтан" б.а. төркүн деген сөз күйөөнүн аялынын жакындарына айтылат. Ал эми "Асхаар" кайын журт деген сөз, экөөнө тең тиешелүү.
- "Хамув" (күйөөнүн жакындары) дегенди өлүмгө окшоткон себеби тууралуу Ибн Хажар минтип айткан: Арабтар жаман нерсенин баарын өлүм деп сыпаттайт. Мисалы күнөөнү диндин өлүмү, күнөө кылып жазага татыктуу болгонду жан дүйнөнүн өлүмү, кызганычтан улам талакка татыктуу болгон аялды аялдын өлүмү деп айтышат.