- Такыбылыкты бекем кармоого жана дүйнөнүн сырткы көрүнүшүнө жана кооздугуна берилип албоого үгүт, үндөө бар.
- Аялдардын фитнасынан, т.а. аларды кароо, бөтөн эркектер менен аралашып жүрүүсүнө маани бербөө, ж.б.у.с. фитналардан сактануу зарыл.
- Аялдардын фитнасы дүйнөдөгү эң чоң фитна.
- Өткөн үммөттөрдөн сабак, үлгү-өнөк алуу зарыл. Исраил урпактарында болгон нерсе башкаларда да болору мүмкүн.
- Аялдардын фитнасы мындай: эгер аял жубайы болсо, ал күйөөсүн таакаты жетпеген каржыга мажбурлап, аны дин иштеринен алагды кылат. Дүйнө талап кылуу иштери менен аны чарчатат. Эгер бөтөн аял болсо, алардын фитнасы, сыртка чыкканда жана эркектерге аралашканда, аларды азгырып, туура жолдон тайдыруу менен болот, айрыкча, алар ачык кийинген жана жасанып алган аялдар болсо. Бул зынанын ар кайсы түрүнө алып барат. Ыймандуу адамга Аллахка таянуу жана аялдардын фитнасынан сактоону Андан сурануу зарыл.