/ Мен өткөндөн кийин эркектерге аялдардан өткөн фитна-азгырык болбойт

Мен өткөндөн кийин эркектерге аялдардан өткөн фитна-азгырык болбойт

Усама бин Зайддын (аларга Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Мен өткөндөн кийин эркектерге аялдардан өткөн фитна-азгырык болбойт".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Explanation

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчыгы жана мактоосу болсун) өзүнөн кийин эркектерге аялдардын азгырыгынан өткөн зыяндуу сыноо болбостугун айткан. Эгер аял эркектин үй-бүлөсүнөн болсо, шариятка тескери иштерде аны ээрчип кетет. Эгер аял жат болсо, аларга аралашуу, жалгыз калуу менен натыйжасы бузук ишке алып барат.

Hadeeth benefits

  1. Мусулман адамга аялдардын фитнасынан сактануу зарыл, фитнага алып бара турган жолдордун баарын тосуу керек.
  2. Ыймандуу адам фитнадан саламат болууда Аллахка таянуусу зарыл.