- Аял кишиге махрамсыз сапарга чыгууга уруксат жок.
- Сапарда аял аялга махрам болбойт, пайгамбарыбыз : "Күйөөсү же махрамы..." деп айтканы үчүн.
- Сапар деп аталган аралыктын баарына аял киши махрамы менен гана бара алат. Ал эми бул хадисте эки күндүк сапар деп айтылганы, суроочунун абалына жана мекенине карата айтылган.
- Аялдын махрамы - анын күйөөсү. Же жакын туугандык себептүү нике жүрбөгөн адамдар, мисалы атасы, баласы, атасы менен бир тууганы, апасы менен бир тууганы, же эмчектештик жактан жакыны, мисалы сүт атасы (сүт эненин жолдошу), сүт атанын бир тууганы, же кайын журт жагынан жакыны, мисалы күйөөсүнүн атасы. Махрам болгон адам мусулман, балакат жаш курагына жеткен, акылы жайында, ишеничтүү адам болуусу керек. Анткени, махрам болуп баруудан максат аялды коргоо жана ага кам көрүү.
- Ислам шарияты аялзатын коргойт, колдойт жана кам көрөт.
- Багымдат жана дигер намазынан кийин бардык напил намаздарды окуу жарактуу эмес. Бир гана ошол күнкү парз намаздын казасын окууга жана тахият ал-масжид сыяктуу себептүү намаздарды окууга уруксат.
- Күн чыгып жатканда намаз окуу арам болот. Күн найза бою көтөрүлгөндөн кийин, он мүнөттөн он беш мүнөткө чейин убакыт өткөндөн кийин окуу керек.
- Дигер намазынын убактысы күн батканга чейин созулат.
- Үч мечитти зыярат кылуу үчүн сапарга чыгууга уруксат.
- Үч мечиттин артыкчылыгы жана алардын башка мечиттерден өзгөчөлүгү айтылган.
- Кабырларды атайын зыярат кылып барууга болбойт, мейли ал кабыр пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабыры болсо да. Медина шаарындагыларга же ал шаарга шариятта уруксат берилген иш үчүн баргандарга пайгамбардын кабырын зыярат кылууга уруксат.