- Пайгамбардын, саллаллаху алейхи уа салламдын, жакшы таалими. Ал суроо жолунда маселелерди айтуусу.
- Сахабалардын: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп айтышкан сөздөрүндөгү Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен болгон жакшы адептери.
- Билбегени үчүн жооп берип жатканда: «Туурасын Аллах билет» - деп айтуу.
- Алардын арасындагы укуктарды жана бир туугандыкты сактоо менен коом үчүн шариятты сактоо керек.
- Кээ бир учурларда жалпы адамдардын пайдасы үчүн гыйбат кылуу арам болбойт. Мисилы: Зулумдукту кайтаруу. Зулум чеккен адам акысын алуу үчүн акысын алып бере ала турган адамга: «Мага баланча зулумдук кылды, же мага баланча ушундай кылды» - деп зулум кылган адамды айтса болот. Жана түгөй издөөдө, шериктештик иштерде же коңшулук маселеси боюнча ж.б.у.с. кеңешүү иштеринде боло берет.