/ Өзүнө жараша мамиле кылуу тууганчылык байланышты бекемдөөгө жатпайт. Тууганчылык байланыш үзүлгөндө аны байланыштырган адам тууганчылык байланышты бекемдеген адам болот...

Өзүнө жараша мамиле кылуу тууганчылык байланышты бекемдөөгө жатпайт. Тууганчылык байланыш үзүлгөндө аны байланыштырган адам тууганчылык байланышты бекемдеген адам болот...

Абдулла ибн Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Өзүнө жараша мамиле кылуу тууганчылык байланышты бекемдөөгө жатпайт. Тууганчылык байланыш үзүлгөндө аны байланыштырган адам тууганчылык байланышты бекемдеген адам болот».
Бухари жазып калтырган

Explanation

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, хадисте мындай деп кабар берип жатат. Тууганчылык байланышты толук кандуу аткарган адам жана жакындарына жакшылык кылган адам - ал көргөн жакшылыкка жараша жакшылык менен жооп берген адам эмес. Тескерисинче, ал жакын туугандары аны менен тууганчылык байланышты үзүп ага жамандык кылышса да алар менен тууганчылык байланышты күчөтүп, тууганчылык байланышты толук кандуу бекемдеген адам. Анткени ал жакын туугандарына жакшылык менен жооп берип жатат.

Hadeeth benefits

  1. Шариятта этибарга алынган туугандык байланышты бекемдөө - сенден мамилесин үзгөн туугандар менен мамиле кылууң, сага зулумдук кылганды кечирүүң жана сенден бир нерселерди тыйып койса да сен ага берүүң. Туугандык байланышты бекемдөө жакшылыкка жараша гана жакшылык кылуу эмес, тескерисинче, бардыгы менен бирдей жакшы мамиледе болуу.
  2. Туугандык байланышты бекемдөө – бул жакын туугандарга колдон келген мал-дүйнөдөн жакшылык кылып берүү, аларга дуба кылуу, аларды жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтаруу ж.б.у.с. жакшылыктарды кылуу. Ошондой эле мүмкүн болушунча аларды жамандыктардан сактоо керек.