/ Тууганчылык байланышты үзгөн адам бейишке кирбейт

Тууганчылык байланышты үзгөн адам бейишке кирбейт

Жубайр бин Мутъим, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте ал Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай дегенин укту: «Тууганчылык байланышты үзгөн адам бейишке кирбейт».
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Explanation

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кимде-ким жакындарынын важип акысын өтөбөсө, же аларга жамандык кылса, анда ал бейишке кирбөөгө татыктуу экенин билдирген.

Hadeeth benefits

  1. Тууганчылык байланышты үзүү чоң күнөөлөрдөн.
  2. Тууганчылык байланыш каада-салтка жараша болот. Ал жерге, заманга, адамдарга жараша айырмаланып турат.
  3. Тууганчылык байланыш зыярат кылуу, садака берүү, аларга жакшылык кылуу, оорулууларды зыярат кылуу, жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу ж.б.у.с. мамиле менен болот.
  4. Туугандык байланыштын үзүлүшү канчалык жакын туугандар менен болсо, күнөөсү ошончолук чоң болот.