- Жалгандан касам ичүү чоң коркунучтуу жана кылмыш болгону үчүн анын каффараты жок, бирок андан тообо кылуу бар.
- Хадисте бул төрт чоң күнөөнүн күнөөсүнүн чоңдугуна токтолду, чоң күнөөлөрдү чектөө үчүн токтолгон жок.
- Күнөөлөр чоң жана кичине күнөөлөр болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөө - бул худуд жана лиаан (1) айтышуу сыяктуу бул дүйнөдө жазасы бар ар бир күнөө же тозок азабы сыяктуу акыретте жазасы бар күнөө. Албетте чоң күнөөлөрдүн даражалары бар. Чоң күнөөлөрдүн кээ бирлери кээ бирлеринен арамдык жагынан оор. Ал эми чоң күнөөлөрдөн башкалары алар кичине күнөөлөр.