- Эң чоң күнөө – бул Аллахка ширк кылуу. Анткени Аллах Таала аны чоң күнөөлөрдүн башаты жана күнөөлөрдүн эң чоңу экенин баяндап, бул сөзүндө бекемдеди: "Албетте, Аллах Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башка күнөөнү Өзү каалаган пендесинен кечирет".
- Ата-эненин акысынын улуулугу. Анткени Пайгамбар алардын акыларын Аллах Тааланын акысы менен бирге айтты.
- Күнөөлөр чоң жана кичине күнөөлөр болуп экиге бөлүнөт. Чоң күнөө - бул худуд жана лиаан (1) айтышуу сыяктуу бул дүйнөдө жазасы бар ар бир күнөө же тозок азабы сыяктуу акыретте жазасы бар күнөө. Албетте чоң күнөөлөрдүн даражалары бар. Чоң күнөөлөрдүн кээ бирлери кээ бирлеринен арамдык жагынан оор. Ал эми чоң күнөөлөрдөн башкалары алар кичине күнөөлөр.