/ Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот...

Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот".
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Explanation

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандуу пенде кызганып, жек көрүп, жийиркенген сыяктуу Алла Таала да кызганарын, жек көрөрүн жана жийиркенерин кабарлаган. Алла Таалынын кызгануусуна, ыймандуу пенденин арак ичүү, уурулук кылуу, бачабаздык кылуу, зына жана башка ушулар сыяктуу Аллах тыюу салган ыплас иштерге баруусу себеп болот.

Hadeeth benefits

  1. Анын арам чектерин бузууда Аллахтын каарынан жана азабынан сактануу зарылдыгы айтылган.