- Жүрөктү оңдоого кам көрүү жана аны ар кандай жаман сыпаттардан тазалоо.
- Жүрөк ыкластуулук менен оңолот, ал эми иш-аракеттер Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламды, ээрчүү менен оңолот. Аллах Тааланын алдында ушул экөөсү эске алынат жана аларга көңүл бурулат.
- Адам акчасына, сулуулугуна, денесине жана бул дүйнөнүн көрүнүштөрүнө алданбашы керек.
- Ички дүйнөнү оңдобостон, сырткы көрүнүшкө таянып калуудан эскертүү.