- Аллах Таала мусулмандын кыялына келген жаман пикир, туура эмес ойлорду кечирет.
- Эгер адам талакты пикир кылса, кыялына келтирсе, бирок аны айтпаса жана жазып бербесе, бул талак болуп эсептелбейт.
- Кыялына келген иш канчалык чоң күнөө иш болсо да эгер аны ишке ашырууга бел байлабаса, аткарбаса жана айтпаса, ал үчүн күнөөкөр болбойт.
- Мурдагы үммөттөрдөн айырмаланып, Мухаммад пайгамбардын үммөтүнүн кыялындагы иш үчүн айыпталбаганы, бул үммөттүн артыкчылыгын билдирет.